super.kg logo

Министрлер кабинети Боомдогу жол кырсыгын өз көзөмөлүнө алды

 

Бүгүн, 11-июлда Боом капчыгайында лагерден балдарды ташып келе жаткан автобустардын катышуусундагы жол кырсыгын министрлер кабинети өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады.

"1993-жылы туулган жүргүнчүлөрдүн бирине сөөгүнүн жабык сынышы диагнозу коюлган. Жабырлануучу Кемин аймактык ооруканасында. Кызга керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү, жакынкы аралыкта Бишкекке жеткирилет", - деп жазылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тийиштүү мамлекеттик органдарга жол кырсыгынын себептери жана кырсыкка күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырган. Эртең бул жол кырсыгы боюнча өзүнчө жыйын болот.

Буга чейин Ысык-Көлдөн Бишкекке лагердеги балдарды алып келе жаткан 3 автобус кырсыкка учурап, анын кесепетинен 5 бала, бир вожатый жабыркаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.07.2021. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз козомолуно алып олгон адамдарды тирилтип жиберет бекен.Садыр дагы Инандынын жоголушун оз козомолумо алдым дегени Турцияда журот.Мындан кийин колдон коконо келбегенден кийин оз козмолунорго албай эле койгулачы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: