Адис кош бойлуу аялдарда коронавирус инфекциясы оор формада өтүшү мүмкүндүгүн айтат
Коронавируска каршы вакцина алган кош бойлуу аялдарга COVID-19 оорусунун таасири аз. Бул туурасында Кыргыз акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров брифинг учурунда айтты.
"Эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу кош бойлуу аялдарга вакцинаны алуу сунушталат, бирок жеке макулдугу менен жана каршы көрсөтмөлөрү жок учурда.
Кош бойлуулук учурунда COVID-19 илдети ден соолуктун начарлашына жана түйүлдүккө терс таасирин тийгизе тургандыгын белгилей кетүү керек. Төрөткө чейин вакцина алган кош бойлуу аялдарды дарыгерлер өз убагында көзөмөлдөп, терс таасирлер болуп жаткандыгына көз салып турушу керек. Жаңы коронавирустук инфекция кош бойлуу аялдарда кош бойлуу эмес аялдарга салыштырмалуу оор түрдө өтүшү мүмкүн. Эрте төрөлүү же түйүлдүктүн көтөрүлбөй калуу коркунучу жогорулайт. Буга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кош бойлуу аялдарга вакцинаны дарыгерден кеңеш алгандан кийин алууну сунуштайт.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 118 миңден ашуун кош бойлуу аял эмдөөдөн өттү. Ар кайсы өлкөлөрдүн адистери эмдөөнүн пайдасы анын тобокелдигинен жогору деп эсептешет", - деди адис.

