super.kg logo

Абитуриенттердин эсине! Жогорку окуу жайларга тапшыруунун 2-туру 19-июлда башталат

 

Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-2022-жылга карата жогорку окуу жайларга абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алуу графиги.

Окууга кабыл алуу жол-жобосу үч турдан турат. Конкурска катышуу эрежелери бардык турларда бирдей.

12-17-июль

Биринчи тур

12-14-июль

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттерди каттоо

14-июль, саат 14:00

Сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо

15-июль, саат 09:00гө чейин

Кирүү үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу

15-17-июль

Абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун ырастоосу

19-23-июль

Экинчи тур

19-21-июль

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттерди каттоо

21-июль, саат 14:00

Сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо

22-июль, саат 09:00гө чейин

Кирүү үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу

22-24-июль

Абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун ырастоосу

26-3-июль

Үчүнчү тур (Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт)

26-28-июль

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттерди каттоо

28-июль, саат 14.00

Сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо

29-июль, 09.00гө чейин

Кирүү үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу

29-31-июлу

Абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун ырастоосу

Сынакка негизги тесттен босого баллдан жогору балл топтогон абитуриенттер катыша алышат. Тийиштүү предметтик тесттердин жыйынтыгы менен босого баллдан жогору балл алган талапкерлер негизги жана кошумча предметтик тесттердин баллдарынын суммасы үчүн сынакка катышат жана катталуу артыкчылыгынан пайдаланышат. Медициналык адистиктерден тышкары, негизги тест (босого баллдан жогору) жана химия, биология предметтери боюнча тесттер (ар бир предмет боюнча босого баллдан жогору) милдеттүү болуп саналат.

Абитуриенттерди максаттуу кабыл алуу

Максаттуу орундар үчүн сынакка катышууга ЖРТ боюнча босого баллдан жогору упай топтогон жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жолдомосу бар талапкерлерге, анын ичинде чек арага чектеш айылдардын талапкерлерине уруксат берилет. Жолдомо берген органдар максаттуу кабыл алуунун алкагында окуган бүтүрүүчүнү жумушка орноштурууга милдеттенишет.

Ырастоо үчүн абитуриент электрондук түрдө АМСке төмөнкү документтерди тиркөөгө тийиш:

  • паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • орто жалпы билим жөнүндө күбөлүк же орто кесиптик билим жөнүндө диплом;
  • ЖРТ сертификатынын алдыңкы жагы;

Абитуриент окуу жылынын башында университетке ушул документтердин түп нускаларын берет.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер www.2020.edu.gov.kg веб-сайтындагы "Абитуриент Online" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу арыз бериши керек.

Орто кесиптик окуу жайларга онлайн тапшыруу

2021-жылы республиканын колледждерине талапкерлерден документтерди кабыл алуу жана каттоо интернет аркылуу https/2020.edu.gov.kg/spuz/ автоматташтырылган маалымат системасын колдонуу менен жүргүзүлөт.

ОКОЖго кирүү сынагына катышуу үчүн арыз ээси https/2020.edu.gov.kg/spuz/ веб-сайтына төмөнкү документтерди электрондук түрдө тиркеп, арыз тапшырышы керек:

  • паспорт же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документ;
  • жалпы орто билим жөнүндө күбөлүк (11-класс), негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк (9-класс) жана ага тиркеме;
  • кабыл алуу үчүн атайын укуктарды же жеңилдиктерди тастыктаган документтер (жетим статусу, майыптыгы жана башка).

ОКОЖго талапкерлерди тандоо жана каттоо үч тур менен жүргүзүлөт. 1-турга каттоо 12-июлда башталат. Ар бир турда абитуриент бюджеттик орун үчүн сынакка катышуу үчүн бирден, контракттык окутуу боюнча сынакка катышуу үчүн бирден арыз берүүгө укуктуу. Билим берүүнүн бюджеттик жана контракттык түрлөрү боюнча абитуриенттерди кабыл алуу үчүн сынак орто билим жөнүндө аттестаттын орточо баллынын (11-класс) же негизги жалпы билим жөнүндө аттестаттын (9-класстын) суммасына жана бирөөнө коюлган баага ылайык өткөрүлөт.

Медициналык адистиктер боюнча сынак абитуриент ОКОЖ тарабынан өз алдынча өткөрүлүүчү кирүү сынактарын тапшырганда алган баллдарынын суммасына жана билим берүү документинин орточо баллына жана негизги сабактын баасына ылайык өткөрүлөт.

Кабыл алуу боюнча сунуштамадан кийин 3 күндүн ичинде талапкер ОКОЖдо окууну каалагандыгын тастыкташы керек.

Эгерде бүтүрүүчүлөрдө техникалык жаатта көйгөй же түшүнбөстүк болсо, 1818 кыска номерине чалып кеңеш алса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: