Көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 13-июлга карата аба ырайы
Эртең, 13-июлда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында, Жалал-Абад, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16… +21, күндүз +29… +34;
Таласта түнкүсүн +11… +16, күндүз +27… +32;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +16… +21, күндүз +28… +33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9… +14, күндүз +20… +25;
Нарын облусунда түнкүсүн +8… +13, күндүз +20… +25;
Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19… +21, күндүз +31… +33 градус болот.

