super.kg logo

Бишкекте кайгуул кызматы кош бойлуу келинди төрөт үйүнө жеткирүүгө жардам көрсөттү

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери кош бойлуу келинди төрөт үйүнө жеткирүүгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июль күнү Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда болжол менен саат 13:15 чамасында Махатма Ганди көчөсүнөн белгисиз жаран кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган. Анда унаада кош бойлуу келин бар экенин жана толгоосу башталып, төрөт үйүнө бара жаткандыгын, бирок жол тыгынынан улам жете албай жатканын айткан.

Кызматкерлер ошол замат чара колдонуп, унааны коштоп, үн берүүчү жана жаркыратуучу каражаттарды колдонуп, аялды төрөт үйүнө жеткиришкен. Көп узабай кош бойлуу келиндин туугандары төрөт үйүнөн чыгып, ал аман-эсен көз жаргандыгын айтып, кызматкерлерге ыраазычылык билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: