super.kg logo

Жылдыз Бакашова жана врач-педиатр Бахтияр Абсаматов медицина тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулады

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова врач-педиатр Бахтияр Абсаматов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, мурда Бахтияр Абсаматов Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишине тийиштүү бир катар сын-пикирлерди жана сунуштамаларды билдирип келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө медициналык кызматкерлерге компенсацияларды өз мөөнөтүндө төлөп берүү, айлык акынын өлчөмүн жогорулатуу, анын ичинде өргүү акыларын эсептөө механизмин кайрадан карап чыгуу, коронавирус инфекциясына шектелген бейтаптарды ыкчам аныктоо максатында оорулуу жарандарды бөлүштүрүү пункттарын уюштуруу, жумушчу күчкө катышуу коэффициентине төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү жолу менен медициналык персоналды региондордо кармап калуу, COVID-19 менен ооругандарды дарылоо үчүн кошумча керебеттерди, анын ичинде реанимациялык орундарды өз убагында жайгаштыруу маселелери талкууланган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Жылдыз Бакашова президенттин администрациясынын саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнө аталган маселелерди иштеп чыгып, сунуштарды киргизүүсүн тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: