super.kg logo

Бишкектеги веложолду жашылга боёгон иш-аракетке байланыштуу интернет желелеринде кайчы пикирлер жаралды

 

Peshcom кыймылынын мүчөлөрү Бишкектеги Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги веложолду жашыл түскө боёп чыгышты. Эмне үчүн мындай кадамга барышканын кыймылдын социалдык тармактагы баракчасында жазышты.

Билдирүүгө ылайык, велосипед тепкендер шаардык мэрияга веложолдорду жакшыртуу керек деп бир нече жолу кайрылышкан. Бирок мэриядан жооп болбогонуна байланыштуу өздөрү мисал катары "муну кантип жасаса болот" деп көрсөтүүнү чечишкен. Алардын айтымында, веложолду жөө жүргөндөрдүн жолунан эмес, унаалардын жолуна орнотуу керек.

Алар веложолду дем алыш күндөрү боёп чыгышкан. Кыймылдын мүчөлөрүнүн айтымында буга чейин Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги веложолдо велосипед тээп бараткан бала жөө жүргөн аялды сүзүп кетип, жыйынтыгында ал аял оор жаракат алган. Мына ошондуктан алар тротуарлардагы велосипед тилкелери велосипедчендер үчүн ыңгайсыз деп эсептешет.

"Жол эрежелерине ылайык, велосипед жолу бар болсо, велосипедчендерге унаа жолдо жүрүүгө тыюу салынат. Демек, тротуардагы жогорудагыдай окуялар дагы деле улана берет. Бизге өзүнчө велосипед жолдору керек. Велосипед тилкелерин башка түс менен бөлүп көрсөтүүгө аракет кылдык. Бул тажрыйба дүйнө жүзүндө колдонулат. Мэрия биздин демилгени колдойт деп ишенебиз", - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми шаардык тургундарга бул иш-аракетке кандай баа бердиңиз деп кайрылганыбызда айрымдары колдосо, кээ бирлер сынга алышты. "2 күн мурун боёп кетишти. Алгач абдан жагымсыз жыттанып, ыңгайсыздык жаратып жаткан. Веложолдор мурда жок болчу да. Эми убакыттын өтүшү менен өнүгөт, жакшырат. Дароо эле арыздана чыккан туура эмес", - деди шаар тургуну.

Бул тууралуу интернет желелеринде да кайчы пикирлер жаралды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.07.2021. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: