super.kg logo

Бишкек мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон 65 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү

 

Бишкек шаардык мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Ысык-Көлгө жайкы эс алуу лагерине Биринчи Май районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын кезектеги агымы, 65 бала жөнөтүлдү. Жетим, жарым жетим балдар, ата-энелери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары эс алууга кетишти", - деп жазылат билдирүүдө.

Райондун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга жолдомону бөлүштүрүү жана арыздарды кароо боюнча комиссия өткөрүлүп, биринчи агымга 65 арыз каралган.

Жай мезгилинде балдардын эс алуусун, ден соолугун чыңдоо максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан билим берүү уюмдарына жалпысынан 437 жолдомо бөлүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: