"№181 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 1-кабатынын ички жылытуу тутуму толугу менен жаңыланат. Демонтаждоо иштери аяктады, түтүктөрдү алмаштыруу жана төшөө иштери жүрүп жатат. Сырткы жылуулук трассасы дагы оңдолот.
№162 мектепке чейинки билим берүү уюмунда тышкы жылуулук менен камсыздоо тармактарын капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Ушул жылдын сентябрь айына чейин 56 билим берүү мекемесин оңдоону бүткөрүү пландаштырылган. Ошондой эле ноябрдын аягына чейин 11 медициналык мекеме оңдолууга тийиш", - деп жазылат мекеменин маалыматында.