super.kg logo

Июнь айында пенсия жана жөлөк пулга канча акча сарпталды? Соцфонддун маалыматы

 

Ушул жылдын январь-июнь айларында пенсия жана жөлөк пулга 24 миллиард 932 миллион 600 миң сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, пенсия жана жөлөк пулга Бишкек шаарында 4 миллиард 76 миллион 600 миң сом сарпталды. Башка аймактар боюнча:

- Чүй облусу — 3 миллиард 835 миллион 900 миң сом

- Нарын облусу — 1 миллиард 989 миллион 400 миң сом

- Ысык-Көл облусу — 2 миллиард 274 миллион 300 миң сом

- Талас облусу — 1 миллиард 31 миллион 900 миң сом

- Ош шаары — 894 миллион 900 миң сом

- Ош облусу — 4 миллиард 563 миллион 900 миң сом

- Баткен облусу — 1 миллиард 993 миллион 100 миң сом

- Жалал-Абад облусу — 4 миллиард 272 миллион 500 миң сом

Ал эми пенсия жана жөлөк пулдардын каржылануусу июнь айына карата 4 миллиард 178 миллион 100 миң сомду түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: