super.kg logo

Бажы кызматы: "Кыргыз-Кытай өткөрүү пункттары аркылуу жүк өткөрүүнү көбөйтүү үчүн Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат"

 

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай бөлүгүндө жайгашкан өткөрүү пункттары аркылуу жүк өткөрүүнү көбөйтүү үчүн Кытай тарап менен туруктуу негизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кезектеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь Кытай Эл Республикасында калкты эмдөөдө жигердүү жүрүп жатканын билдирген.

"Кытай Эл Республикасынын элчиси чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүү пункттарынын кызматкерлерин, айдоочуларды, товарларды жана транспорттук каражаттарды ташуу менен алектенген башка адамдарды приоритеттүү тартипте вакцинациялоону сунуш кылгандыгын эске алып, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев калкты эмдөө жүргүзүү жөнүндө айтып жатып, товарларды жана транспорттук каражаттарды ташуу менен алектенген адамдарды да эмдөөдөн өткөрүүнү билдирген.

Кытай тарап менен биргеликте Торугарт жана Эркеч-Там өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташууну көбөйтүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү керек", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутаттар мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашевден сурашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: