Москвадагы мигранттардын массалык мушташынын себеби айтылды
Москвадагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында мигранттардын массалык мушташынын себептери айтылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Басылмалардын маалыматына караганда, 11-июлда Москва облусунун Химки шаарында Кыргыз өлкөсүнүн эки жараны бычактан жарадар болушкан. Алардын жолдоштору тажикстандыктардан өч алууну чечишип, 12-июлда саат 19:00гө жолугушууну белгилешкен.
Ошол учурда эч кандай тирешүү болгон эмес, бирок агрессияга алдырып жиберген мигранттар коңшу райондордон кармала баштаган. Жалпысынан мушташка 180ге жакын адам катышкан. Полиция мушташтын 94 катышуучусун кармаганга жетишкен, калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Окуядан эки адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылганы айтылды.
Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.

