"Тоону көрүп турабыз". Актёр Самат Эркинбеков 70 миң долларлык батиринин жасалгасын көрсөттү





"Тамашоунун" оюнчусу, Акылайдын образы менен таанылган күлкү жаратуучу, актёр Самат Эркинбеков 2 жыл мурда алган ак өргөөсүнүн оңдоп-түзөө иштерин аяктады. Актёр менен байланышканыбызда үйдүн ичин жасалгалоо иштери 90 пайызга бүткөрүлдү дейт.
"Бишкектин борборундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батир алганбыз. Үйдүн ичин жасалгалоо иштерин баштаганда карантин жарыяланып калып токтоп калган. Ошентип оңдоп-түздөө иштери 1 жылга созулду. Жасалгалоо иштерин адиске ишенип тапшырдык, тандоону жубайым жасады. Өзүм устачылык кылган жокмун, мурда бул иштерге көп көңүл бурчу эмесмин. Өзүңдүн башыңдан өткөндөн кийин тажрыйбалуу болуп калат экенсиң.
Батир 9-кабатта жайгашкан, тоону көрүп турабыз. Батирдин баасы 70 миң долларды түздү", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
4

Молодец! Дагы да ийгиликтерге жете берсин.