super.kg logo

Садыр Жапаров Аксыдагы селдин кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы селдин кесепетин кыска убакыт аралыгында жоюу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

"Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган тургундарга тиешелүү жардамдарды көрсөтүү тапшырмасы берилди. Өлкө башчы сел агызып, каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтып, кайгысын бөлүшөрүн баса белгиледи. Ал жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишине үмүттөнөт. Кыяндан жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан мүмкүн болгон колдоо көрсөтүлөрү белгиленди", - дешти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, кечээ, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, ӨКМнын берген маалыматы боюнча, 7 адам каза болуп, алардын алтоосунун сөөгү табылгандыгын билдирген. Ал эми SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун 9 адамдын каза болгондугун айтып берген.

Бүгүн, 13-июлда ӨКМнын маалымат кызматынан жалпы 8 адамды сел агызып кеткенин, анын ичинен 6 адам табылганын билдиришти. Ал эми 3 жашар наристе менен 5 жашар бала дагы деле дайынсыз болууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: