super.kg logo

Улукбек Марипов тийиштүү органдарга Аксыдагы өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну тапшырды.

Ал белгилегендей, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү күч жана каражатты тартуу зарыл.

Мындан тышкары Улукбек Марипов кырсык орун алган аймакта тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чараларды ишке ашырууну тапшырды.

Ошондой эле белгиленгендей, мамлекет тараптан курман болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөсүнө бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана атайын техникалары сел жүргөн жерде табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин толук көлөмдө жүргүзүп жатат.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел 8 жаранды агызып кеткен, алардын алтоосунун сөөгү табылган, турак үйлөр да талкаланып, айрым жерлерде унаа жолу, көпүрөлөр жана башка курулуштарга зыян келтирилген.

Министрлер кабинетинин төрагасы кошумчалагандай, Баткен облусунун Баткен районундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы сел кырсыгына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча да чараларды кабыл алуу зарыл Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүүсү жана зарыл болгон учурда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга кошумча куткаруучулар тобун тартуусу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: