Ботаникалык бакча күн сайын өзгөрүп, жоголуп бара жатат. Илимдер академиясы ботаникалык бакчаны өнүктүрүүгө жардам сурайт
Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакчаны Ички иштер министрлигинин ички аскерлери кайтарган объектилердин тизмесине киргизүү керек. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев 13-июлда маалымат жыйында билдирди.
Маалыматка ылайык, ботаникалык бакчанын администрациясынын айтымында, бул тартипти камсыз кылып, коомдук жана өрт коопсуздугу маселесин толугу менен чечмек.
"Ботаникалык бакчаны шаар тургундары жалпылап коргобосок болбой калды. Журналисттер жазгыла, чагылдыргыла. Антпесе кароосуз калды. Ал жерде эмне гана окуялар болбой жатат. 1990-жылга чейин бул бакча кандай гана белгилүү эле. 1990-жылдан кийин биз бул бакчаны карабай калдык. Силерден жардам сурайбыз, азыр өлкөдө оору көп болуп жатат, түшүнүп атабыз. Бирок биз экологияны дагы ойлошубуз керек да.
Ботаникалык бакча күн сайын өзгөрүп жоголуп бара жатат. Жаз-күз мезгилинин башталышы менен ботаникалык бакчада өрт кырсыктары, каракчылык, массалык мушташ, уурулук, адам өлүмүн алган окуялар көп болот. Илимий мекеменин күзөт кызматынын кызматкерлери коопсуздукту толук камсыз кылууга күчү жетпейт. Ал эми атайын күзөт кызматы коопсуздукту камсыз кылып, көзөмөлгө алмак", - деп билдиришти маалымат жыйындын катышуучулары.

