super.kg logo

Талкууга түшкөн параддык форманы тиккен дизайнер: "Биздин элге бир нерсе жакчу беле?"

 

Бүгүн, 13-июль күнү Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына кийип бара турган Кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын параддык формасы талкууга алынды. "Тойго, сахнага кийүүчү кийим болуптур" деп көпчүлүк нааразычылыктарын социалдык тармактагы баракчаларына жазышууда. Мындан тышкары чапанга сакуранын түшүрүлгөнү ашыкча, буттарына да туура эмес бут кийим тандашкан деп сындашууда.

Ал эми кийимдерди тиккен "Дилбар" мода үйүнүн арт-директору Дильбар Ашимбаевага SUPER.KG порталы байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Биздин элге бир нерсе жакчу беле? Канча жылдан бери тигип келе жатабыз, эч качан эч нерсе жакчу эмес. Качан гана чет өлкөлүктөр тарабынан жакшы пикирлер келе баштаганда, башкача реакция кыла башташат. Байкайсыңарбы, бизде эч ким эч качан бир нерсени мактабайт. Бири-бирибизди жамандап турабыз. Негатив гана айтып турушубуз керек.

Биз Улуттук олимпиада комитети тарабынан так техникалык тапшырма алганбыз. Улуттук колоритте жана сөзсүз сакура камтылсын деген тапшырма беришкен. Анткени Япония абдан спецификалык өлкө. Сакура алар үчүн абдан маанилүү. Менин оюмча парадга биздин курама чыгып, стадион бойлой басканда Япониянын маданиятына Кыргыз өлкөсү кандай сый мамиле кыларын аталган өлкө гана түшүнөт. Костюмдун жарымы кыргыз стилинде, жарымы япон стилинде болду. Биз көнүп калган кыргыз колоритинде эмес. Маралдын мүйүзү, эр жүрөктүүлүктү чагылдырган орнамент жана Япониянын назик сакурасы.

Улуттук олимпиада комитети мурдагы жылдардагыдай ак чапан болсун дешкен. Анткени Бразилияда өткөн Олимпиадада ак чапандар өзгөчө кабыл алынган. Анда да дал бүгүнкүдөй эч ким жакшы сөз айткан эмес. Эсимде, мындан да жаман пикирлер айтылган. Парадда кыргыздарды көргөн бүт дүйнө эли биздин баракчабызды таап, көп жакшы пикирлерин жазышкан. Бул костюмдар эстеликке калсын деп жасалат, бул биздин кураманын салтанаттуу чыгышы.

Улуттук олимпиада комитети мага өтө кеч кайрылды. Көбү бизде башка кыйын дизайнерлер бар деп жазып жатышат. Мага ошол дизайнерлерди көрсөткүлөчү. Бир жыл мурун Улуттук олимпиада комитети дизайнерлер арасында сынак жарыялаганда эч ким эч нерсе кылган жок. Алар кайрадан бизге кайрылышкан. Биз сынакка дагы, тендерге дагы катышкан эмеспиз. Эч ким жакшынакай костюмду сунуштай алган эмес. Комитеттен "бизге эч нерсе жаккан жок, баарынан баш тартып, сиздерге кайрадан кайрылып жатабыз" дешкен", - деп билдирди Ашимбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(14)
13.07.2021. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Көңүл бурбай эле койунуз эжеке сиздердин эмгегиңиздер абдан чоң алга колунан келбегендер сүйлөй беришет!!!
13.07.2021. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Тойго бара жатты беле? Кемчиликтерди моюнга алыныз,бир форма токсон беш мин сомго тигилсе аны аш кылыш оной эмес, сын айтылатда анан
make2 түзөттү 2021-07-13 17:45:50
13.07.2021. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Моюнга да албайсынар да козунорго катанарды сайып турса да.
13.07.2021. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Дильбар колхоз
13.07.2021. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Болбойт бул, Меккеге жоногон паломниктерге окшоп калыптыр
13.07.2021. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Комитет менен жакшы болсон керек чон кыз
13.07.2021. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Спорттун жыты да жок бул кийимлерде,тушунуксуз бир карасан плащ же аялдардын кардиганы.Че за дизайнер?
13.07.2021. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ашимбаева очнись.
Кайрадан ойлонуп тап башка нерсе.
13.07.2021. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул чапанды 5000сомго да алып киймек эмесмин.
13.07.2021. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мобу Дилбар деген дизайнер эмес эле кыйынсынган бироо окшойт.Ушунча эл кийимди түшүнбөй калыптырбы?Күнөөнү мойнуна албай,элге эч нерсе жакпайт дегени эмнеси?
14.07.2021. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшына кылып тиксең жагатда баасын 95 миң эмес 5 же 10 миң кылып.
14.07.2021. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туфта кийимго...
14.07.2021. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2005жылдары айылда ушундай кардигандар кыздар арасында мода болгон). Бары ушинтип тиктирип кийгенбиз.
14.07.2021. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элге жагыш кыйын элдин пикири сойкуданда жаман деп айттыбеле франсуз бир акылман
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: