super.kg logo

Аксыда сел агызып кеткен 3 жана 5 жашар балдар дээрлик бир суткадан бери табыла элек

 
Саат 18:00гө карата Аксы районунун Ак-Жол, Жаңы-Жол айылында сел агызып кеткен 3 жана 5 жашар балдар дале табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашып, учурда издөө иштери улантылып жатканын белгилешти.
Табигый кырсык кечээ, 12-июлда саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен. Анын кесепетинен Таштак айылында 2016-жылы туулган К.А. аттуу бала, Жолборсту айылында 2018-жылы туулган Т.Ф. аттуу кызды агызып кеткен.
Жалпысынан 8 адамды сел агызып, анын ичинен 6 адам табылган. Бүгүн, 13-июлда каза болгондордун сөөгү жерге берилди.
Эске салсак, кечээ, 12-июлда кечки саат 19:30дар чамасында Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айылдарында сел жүрүп, эки айылдан биригип 8 адам көз жумган. Алсак Ак-Жол айыл аймагынан бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир баланы сел алып кетсе, Жаңы-Жол айыл аймагында көчөдө ойноп жүргөн 6 жаштагы баланы сел агызып кеткен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
13.07.2021. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш Балапандар, батырак табылып, адам катары, мусулман катары кабырга эле койулсун эми...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: