super.kg logo

"Пальтонун жакасы күйүп, жеңи чоюлуп калган". Химиялык тазалоо кызматынын ишине канааттанбаган шаар тургуну арызданды

 

Химиялык тазалоо кызматынын ишине канааттанбаган шаар тургунуна 16 миң 750 сом кайтарылмай болду. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кабарлайт.

Агенттиктин маалыматына ылайык, ушул жылдын март айында Б.А. аттуу жаран пальтосун химиялык тазалоо кызматына берген.

"Химиялык тазалоо кызматы пальто бир күндөн кийин даяр болорун айтканы менен иш жүзүнө аткарылган эмес. Тагыраагы, пальто жакшы тазаланбай калды деп айтышкан. Арыз ээси бир күндөн кийин башка жакка учуп кетерин айткандыгына байланыштуу химиялык тазалоо кызматынан пальтону жакшы кургай электе тапшырып коюшкан. Аткарылган иштин жыйынтыгы кардарды канааттандырган эмес. Себеби химиялык тазалоодон кийин пальтонун жакасы күйүп, жеңдери чоюлуп калган. Буга байланыштуу кардар арыз жазган.

"Керектөөчүлөр укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамдын 38-беренесине ылайык, агенттик арызды кароо боюнча эки тарапты чакырып териштирүү өткөрдү. Териштирүүнүн жүрүшүндө химиялык тазалоо мекемесинин өкүлү арыз ээсине пальтонун базар баасынын 50 пайызын, башкача айтканда 16 миң 750 сомун кайтарып берүүгө макул болду", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.07.2021. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул окуя кайсыл жерде болду деги. Толук жазсанар.
14.07.2021. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
33500 сомдук пальто экен да. Эх,чиркин бул акчага мен бир канча жылдык кийим алсам керек.
14.07.2021. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эшикте 43 градус ысык болуп атса пальто кийип каякка жонодү экен. Башка жанылык жок бекен. же силердин кесиптешиңер беле чыгарып кой деген окшойт ээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: