super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министри Аксыдагы селден жабыркагандарга көңүл айтып, кайрылуу жасады

 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Аксыдагы жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга көңүл айтып, кайрылуу жасады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Министр өзүнүн кайрылуусунда өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча министрлик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтып, төмөнкүлөрдү кошумчалады.

"Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында жүргөн селдин кесепетинен улам каза тапкан 8 мекендешибиздин өлүмүн терең кайгыруу менен кабыл алдым. Алардын бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Өлкө жетекчили да бул маселени өз көзөмөлүнө алып, сел ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүүнү тапшырып, калыбына келтирүү иштерине каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары табият кырсыгында дайынсыз жоголгондорду табуу, кырсыктын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө" - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: