super.kg logo

Аксыдагы сел алып кеткен эки айылга өзгөчө кырдаал киргизилди

 


Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдан кесепетинен Жолборсту сайында сел жүрүп, 7 адамы агызып кеткен (2 аял, 5 жаш бала). Мындан сырткары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында 2016-жылы туулган баланы сел агызган. Сел суулары жалпы 8 адамды агызган. Анын ичинен 6 адамдын жансыз денелери табылып, сөөгү жерге берилди. Ал эми 2 бала табыла элек. Издөө иш-чаралары бүгүн да улантылат.

"Сел ташкынынын кесепетинен ички чарбалык жолдор, ички чарбалык 4 көпүрө жараксыз абалга келди. Райкомол айылында ички чарбалык жолдун 700 метр аралыгын, Лесхоз тилкесинде ички чарбалык жолдун 300 метр аралыгын сел суусу каптап, жөө адамдар өтүүчү 2 көпүрө агызып кеткен. Тегене айылында ички чарбалык жолдун 600 метр аралыгын суу алып, жол каттамына кыйынчылык жаралган. Жаңы-Жол айылында Кара-Бото жайлоосуна баруучу ички жолдорду сел каптап, ички чарбалык 2 көпүрөнү, жөө адамдар өтүүчү 5 көпүрөнү сел агызып кетти. Айыл тургундары учурда айланма жолдор менен катташууда.

Ал эми тартылган техникалардын жардамында Жолборсту айылындагы сел суулары агызып кеткен көпүрөлөрдүн жанынан айланма жолдор ачылып, жалпы 120 метр аралыкта жол ачылды", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: