super.kg logo

Чөптүн баасы "асман чапчыйт"... Аймактарда малдын тоюту канча сомдон болууда? Сурамжылоо

 

Акыркы жылдары өлкөдө кымбатчылык күн санап өсүп, калктын капчыгын бир кыйла жукартып, кыйла кыйынчылык жаратып жаткан кези. Күйүүчү май, ун, кумшекер, сабиз, атүгүл малдын тоютунун баасы дагы көтөрүлдү. Мындай көрүнүш бир гана биздин өлкөдө эле эмес, коңшу, жадакалса дүйнө жүзү боюнча болуп жатканы айтылып келүүдө.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 30-июнда малдын тоюту (бир түк чөп) 255 сом 71 тыйын болсо, 7-июлга карата анын баасы (бир түк чөп) 302 сом 50 тыйынды түздү. 7 күн ичинде чөптүн баасы 46 сом сом 79 тыйынга кымбаттаган. Ал эми самандын баасы 30-июнда 146 сом 67 тыйын болсо, 7-июлда 195 сом болуп, 48 сом 33 тыйынга жогорулаган.

SUPER.KG порталы аймактарда малдын тоютунун баасы канча, эмне себептен быйыл чөптүн баасы көтөрүлүп жатат, ошондой эле кышка даярдык кандай жүрүүдө деген суроолордун негизинде сурамжылоо жүргүзүп көрдү.

"Быйыл алгач эле жазында чөп жаңы өсүп келе жатканда кар жаады. Чөптөрдү үшүк алып кетти. Андан кийин жамгыр жакшы жаабай, чөптөр күйүп кетти. Мындан улам чөптү сатып алууга туура келүүдө. Ал эми тоюттун баасы "асман чапчып" эле бара жатат.

Былтыр беде 150 сом, бир түк чөп 100-150 сомго чейин болгон. Жазында 200 сомго чыккан. Ал эми быйыл 300 сомдон болууда.

Айылда жайыттан чабылган бир унаа чөп былтыр 5-6 миңдин тегереги болсо, быйыл 18 миңге бааланууда. Өзүм болсо жайыттан эле чөп жыйнап, кышка камылга көрүп жатам", - деп билдирди Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун тургуну Бекназар Апазканов.

Талас облусунун тургуну Акылбек Жашарбеков малдын тоюту быйыл кескин кымбаттап жатканынын себебин аба ырайы менен байланыштырды.

"Быйыл малдын тоюту кымбаттап, элде кыйла кыйынчылык жаралып жатат. Жазында жамгыр жаабай койду да. Ошондуктан жайыттарда чөп жакшы өспөй калды. Эми кышка тоют сатып алып, камдашыбыз керек. Бир түк чөп 300 сомдон болууда", - деп билдирди Акылбек Жашарбеков.

Ал эми Ош облусунун Ноокат районунда малдын тоютунун баасы 300-400 сомго чейин болуп жатканын, ошондой эле чөп кымбаттаганы менен малдын баасы арзан болуп жатканын жергиликтүү тургун Апсалам Карыбек уулу билдирди.

"Бизде чөптүн орточо баасы 300 сом болуп жатат. Кээде андан дагы арзан сатылган учурлар болуп калууда. 200-250дөн деле алып жатабыз. Кай бир учурларда чөп аз болуп жатканда баасы 400 сомго чейин чыгып кетүүдө. Чөптү 300 сомдон 400 сомго чейин алабыз деп ойлоп жатабыз. Кышында кандай болот билбейм.

Негизи эле бир жыл чөп жакшы болуп, бир жыл жакшы болбой калат. Эл беде эгишкен. Алар жакшы өстү.

Чөптүн баасы кымбаттаганы малы көп адамдарга кыйын болду. Көпчүлүк малды базарга алып чыгып, сатып жатышат. Мал дагы арзан. Бирок мал арзан болгону менен эт кымбат. Түшүнүксүз эле абал болуп жатат", - деп билдирди Карыбек уулу.

Ал эми Чүй өрөнүндө бир түк беде 380-400, бир түк тоонун чөбү 330-350 сомдун тегерегинде болсо, ал эми бир түк саман 190-210 сомдун айланасында болуп жатканын жергиликтүү тургун Элина Айдыралиева билдирди.

Белгилүү болгондой, коңшу Казакстанда көптөн бери жаан-чачын жаабай, жайыттар күйүп, тоют жок болуп жатканы айтылган. Казакстандын Ветеринария дирекциясынын маалыматы боюнча, май айынын аягында Мангистау облусунда 1 миң 100 жылкы ачкалыктан өлгөн.

Буга чейин Казакстандын бир нече аймагында жаан жаабай, катуу кургакчылык күтүлүп жатканы маалымдалган. Тоюттун жоктугуна байланыштуу Казакстанда төөлөр картон жеп жаткандыгы кабарланган.

Эскерте кетсек, чөптүн баасы боюнча айырмачылыктар тууралуу комментарийге жазып толуктасаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
14.07.2021. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мал арзан болсо. демек ортодон касапчылар эттин баасын көтөрүп жатышыптыр да ээ
бекеринен айтылбаса керек"касапчы энесине сөөк сатат" деп Нысап кылгыла ортомчулар элдин назарына калбагыла!!!
14.07.2021. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asmat84,алар багышат ошол кымбат чөп менен жем жүгөрү 33 арпа 34 сом болуп жатат жада калса кебек 25 сом тиги жайлоодон түшкөн малды багып толтуруп анан сойушат даны бир нерсе айтайын семиз эти көп буканын ценасын билсен чалканан кетесин мен го касап эмесмин жөн гана мал базарда мал алып сатам
14.07.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура мал арзандады кичине. Но арык малдар арзандады.. семиз малдардын баасы тушкон жок. Себеби 1 тук беде 380 дин тегереги болуп атса 1 кг арпа жем 27 сом болуп атса кантип анан эт арзандасын. Арык малды алып семиртсен байласан канча жем и канча чоп кетет ошолорду эсептеш керек. Казыр тем более озбектсанга экспорт эттер ооло кетип атат ошого да баа которулду..
14.07.2021. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Этти экспорттту жабыш керек. Ошондо озубуздо калган эттер арзандайт ..
14.07.2021. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казыр эттин баасы букаларлы озбектер алып кетип атат туша менен. 1 кг оптом 420 дан... 425 тен... а то и 430 дан...ОПТОМ..
14.07.2021. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздини айылда бир жигит 10 гектар жерге беде экен. Быйыл ал боп кетти:)
14.07.2021. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ноокатта эт жана башка нерселер ди көзөмөлдөгөн эч ким иштебейт окшойт карап койсо жакшы болот эле
14.07.2021. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мал арзандады и эттин баасын тушургуло креслого чапташып калсанар да.Сразу реакция кылышты уйронгулочу айланайындар!
15.07.2021. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экспортту токтотуш кк.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: