super.kg logo

Франция "Google" компаниясына 500 миллион евро өлчөмүндө айып пул салды

 

Франциянын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы "Google" компаниясына 500 миллион евро өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларда жазылды.

Басылмалардын маалыматына ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуучу кызмат компаниядан корголгон контентти колдонгону үчүн басмаканаларга сыйлык берүү боюнча сунуштарды киргизүүнү талап кылды. Эгер "Google" муну эки айдын ичинде жасабаса, ар бир кечиккен күн үчүн 900 миң евро төлөп бериши керек.

Белгилүү болгондой, 2019-жылы басмаканалардын бир нече кесиптик бирикмелери жана "Франс Пресс" агенттиги "Google" компаниясын чектеш укуктар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдаланып жаткандыгына нааразычылыгын билдирген. 2020-жылдын апрелинде монополияга каршы орган IT гигантына басмаканалар менен компенсация боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү буйрук кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: