Улуттук Олимпиада комитети: "Японияга бара турган спортчулардын спорттук формасын демөөрчүлөр каржылады"





Токиодогу Олимпиадага бара турган Улуттук курама команданын спорттук экипировкасынын сүрөттөрү социалдык тармактарга тарады. Бул форма менен спортчулар машыгып, Олимпиада өтүүчү шаарларды кыдыра алышарын, андан сырткары сыйлоо аземине кие тургандыгы жазылууда.
Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов SUPER.KG порталына бардык экипировкалар демөөрчүлөр тарабынан акысыз берилгенин билдирген.
"Спортчуларыбыз күрөшө турган, жеңил атлеттерибиз чуркай турган атайын спорттук экипировканы биздин улуттук "Bigser" компаниясы бекер тигип берүүдө. Ал компаниянын кийимдерин спортчулар мелдештерге кийип чыгышат. Ал эми параддык форманын максаты - ачылыш аземине кийип чыгуу. Андан сырткары "Tectop" компаниясы спорттук экипировканы машыктыруучуларга, спортчуларга бекер тигип берди", - деп билдирди Эргешов.
Буга чейин Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын параддык формасы талкууга алынган.



1 |