Элчилик Москвадагы мигранттардын мушташы тууралуу: "Окуя бильярд клубунда болуп, белгисиз адамдар 4 Кыргыз жаранын бычактап кетишкен"

10-июлда кыргыз жигиттеринин бычактан жаракат алып, "Тез жардам" менен ооруканага кетип бара жаткан сүрөттөрү жана видеосу социалдык тармактарга тараган. Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн мушташтын катышуучулары элчиликке чакыртылган.
"Окуя бильярд клубунда болуп, белгисиз адамдар 4 Кыргыз жаранын бычактап кетишкен. Бирок айрым жарандар тарабынан окуя боюнча сүрөт жана видео тарап, социалдык тармактарда такталбаган маалыматтар активдүү талкуулана баштаган. Андан ары социалдык тармактарда белгисиз топтор жана адамдар жарандарды Москвадагы "Кузьминки" метросунун аймагына чогулуп, кыргыз-тажик мигранттарынын ортосунда улуттар аралык жаңжал чыгарууга үндөй башташкан. Мигранттар арасындагы кагылышууну болтурбоо максатында бул тууралуу тез арада Москва шаарындагы экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча борборго кабар берилген.
Көрүлгөн аракеттерге карабастан, түн ортосунда агрессивдүү мигранттардын, топтордун ортосунда катуу жаңжал орун алган. Кагылышууга жалпы 180дей адам катышкан. Укук коргоо органдары тарабынан 103 адам кармалган, анын ичинен 72си Кыргыз жараны.
Бүгүнкү күндө элчиликтин консулу кармалган Кыргыз жарандарына укуктук жана башка жактан колдоо көрсөтүү үчүн полиция бөлүмүнө сапар алды.
Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү процесстик чечим кабыл алынат", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Орусиянын аймагында чыр-чатактардын алдын алуу максатында элчилик тарабынан так эмес жана деструктивдүү маалыматтардын жайылбашы жөнүндө жарандар арасында активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты мекемеден.
Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.
Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.
Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Орусиянын Ички иштер министрлигинин борбордук штабынан мушташтын катышуучулары соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылат. Мындан тышкары аларга административдик айып салынып, айрым жарандардын Орусияга келишине тыюу салынарын кабарлашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.