Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги: "Сабиздин баасы 45 сомго чейин төмөндөдү"




Өлкөдө сабиздин баасы турукташа баштады. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, учурда 1 килограмм сабиздин баасы базарда 45-50 сом, соода дүкөндөрүндө 60-70 сом болууда.
Агенттиктин маалыматына караганда, "Сары-Өзөн" базарында жуулбаган сабиздин килограммы 45 сом, жуулганы 50 сом, ал эми соода дүкөндөрүндө жана башка базарларда 60-70 сом.
"Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин аймактардагы бөлүмдөрү социалдык маанилүү азыктардын бааларына аптасына 2 жолу көзөмөл жүргүзүүдө. Сабизге болгон бааны дайыма көзөмөлгө алуу зарыл", - деп айтылат билдирүүдө.
Жашылча-жемиш жана малга тоют сатуучу базарлар атаандаштыкка жөндөмдүү жана монополиялык структуралары жок. Министрлер кабинети социалдык маанилүү товарларга мамлекеттик жөнгө салууну киргизген учурларды кошпогондо мамлекеттин кийлигишүүсүнө жол берилбейт.




1 |