super.kg logo

Энергетика министри: "Электр энергиясына болгон бааны көтөрбөйбүз"

 

Электр энергиясына болгон баа көтөрүлбөйт. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев "Азаттыкка" берген маегинде айтты.

Айтымында, мындай чечим кечээ, 13-июлда президент Садыр Жапаров менен жолугушуп электр энергиясынын тарифтерин талкуулагандан кийин кабыл алынган.

"Президент келерки жылы айлыкты, пенсия, жөлөк пулду жогорулатмайынча калкка электр энергиясынын тарифин көтөрбөйбүз деп айтты. Ошондуктан жаңы жылдан кийин айлык, пенсия, жөлөк пул көтөрүлгөн соң апрель айынан тарта жаңы тарифти киргизгенге аракет кылабыз", - деп билдирди министр.

Ошондой эле электр энергиясынын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан сатылат. Андан тышкары тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Ал эми калган аймактагы тургундар бир айда 700 кВт / сааттан ашык электр энергиясын колдонсо 2 сом 16 тыйындан төлөнөрүн билдирди.

Буга чейин өлкөдө электр энергиясына жаңы тарифтерди ушул жылдын 1-сентябрынан тарта киргизүү пландалып жатканы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.07.2021. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушундай элди ойлоор киши келгенин шугур
14.07.2021. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тоолу эмес аймактагылар эмне,экинчи сорттогу Кыргызстандыктвр болуп калабы ?
14.07.2021. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоолуктар ансыз деле электр энергиясын аз колдонушат (шаардыктарга караганда),анан дагы айылда отун арзан шаарга Караганда, тоолук шаардык дебей эле баарына биржей кылып эле чектоону алып койсо болмок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: