Өлкөдөгү нефтетрейдерлер ассоциациясынын жана ири субъектилердин жетекчилерине бир катар талаптар коюлду
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги нефтетрейдерлер ассоциациясынын жана базардын ири субъектилеринин жетекчилери менен жолугушуп, бир катар талаптарды койду. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 14-июлда баанын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майлар базарындагы кырдаалды талкуулаган жыйын өткөрүлдү. Жолугушууга нефтетрейдерлер ассоциациясынын жана базардын ири субъектилеринин жетекчилери катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында баалардын жогорулашы объективдүү экендигине карабастан агенттик бир катар талаптарды койду:
1) таза атаандаштык принцибин так сактоого;
2) бааларды кармоо инструментин колдонуу менен баалардын кескин өсүшүн болтурбоо жана күйүүчү майлардын керектүү запастарын камсыздоо, ошондой эле чыгымдарды оптималдаштыруу.
"Учурда республикада күйүүчү майлардын тартыштыгы жок. Монополияга каршы жөнгө салуу орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында күйүүчү майлардын бааларына сурамжылоо жүргүзүү, рыноктогу кырдаалды талдоо жана негизсиз өсүшкө жол бербөө боюнча сунуштарды берүү менен баанын өсүшүн ооздуктоо боюнча иш алып барууда. Мунай сатуучулар тарабынан талаптар бузулган учурда монополияга каршы тиешелүү чараларды көрөт", - деп айтылат маалыматта.




1 |