"Тик учак менен". "Талибан" кыймылынын коркунучунан Тажикстанга кире качкан Ооганстан жарандары мекенине кайтарылды
"Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Ооганстандан Тажикстанга кире качкан ооганстандыктар кайра мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянуу менен Тажикстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Андагы маалыматта, кечээ, 13-июлда Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздарды кошпогондо бардык Ооган качкындары мекенине кайтарылган. Аларды Ооган өкмөтү Тажикстандын Куляб шаарынан тик учак менен алып кеткен.
Кечээ, 13-июлда Ооганстандан Тажикстанга 77 этникалык кыргыздар мал-жандыктары менен чогуу кире качкандыгы кабарланган.
Ооган качкындары Тажикстанга эң алгач 22-июнда "Талибан" кыймылы маанилүү делген "Шерхан-Бандар" өткөрмө пунктун басып алгандан кийин качып өтүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.