super.kg logo

Токтогул ГЭСин модернизациялоого керектүү жабдыктарды эртерээк алып келүү үчүн Кыргыз өлкөсү Кытайдан жардам сурады

 

Бүгүн, 14-июлда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз өлкөсү менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ынак коңшу жана достук мамилелеринин ырааттуу өнүгүшүнө, эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгынын жогорку динамикасына канааттануусун билдиришти. Ошол эле учурда алар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз өлкөсү менен Кытай мамлекетинин ортосунда жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, Артыкбаев “Иркештам” өткөрүү пункту аркылуу Токтогул ГЭСин модернизациялоого керектүү жабдууларды Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө тез арада өткөрүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди", - деп жазылат билдирүүдө.

Элчи Ду Дэвэнь Кытай тарап ар дайым жардам көрсөтүп келе жаткандыгын белгилеп, бул маселени чечүүдө максималдуу жардам көрсөтүлөрүн баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: