Аксыдагы сел агызып кеткен 5 жаштагы Айдардын агасы: "Жок дегенде сөөгүн таап алсак деп үмүтүбүз үзүлбөй жатат"



Аксы районунун Ак-Жол, Жаңы-Жол айыл аймактарында 12-июлда сел жүрүп, 8 адам көз жумган. Алардын ичинен 7 адамдын сөөгү табылып, 6 жаштагы баланын сөөгү 3 күндөн бери табыла элек.
SUPER.KG порталы изделип жаткан 5 жаштагы Айдардын агасы Бектенбек Кочкоров менен байланыштык. Ал жок дегенде изделип жаткан инисинин сөөгүн тапсак экен деп үмүттөнүп жатканын айтты.
"Айдар менин бир тууган инимдин баласы болчу. Беш бир туугандын төртүнчүсү. Сел жүргөн күнү айылда күн ачык эле болгон, алар күндөгүдөй эле сайдагы сууга түшүп жүрүшкөн экен. Алардан 5-6 метрдей алыстыкта кишилер дагы болгон. Сел көз ирмемде эле келип инимди агызып кетиптир. Калган балдар качканга үлгүрүп калыптыр, иним алардын эң кенжеси болгондуктан үлгүрбөй калган окшойт.
Аябай ичибиз ачышып жатат. Ата-энесинин абалы азыр оор. Жок дегенде сөөгүн таап алсак болот эле. Үмүт деген баары бир үзүлбөйт экен да. Куткаруучулар келип издеп жатышат. Бирок дагы деле адам аз болуп жатат. Айылдаштарыбыз кайдыгер мамиле кылып жатат, издөө иштерине көп адам чыкпай эле. Акыркы үмүтүбүз эле кумду казып, ошолордун астын кароо болуп жатат. Элден жардам сурайт элек. Бүгүн дагы кайрадан сел келип түштөн кийин издөө иштерин айласыздан токтоттук", - дейт Кочкоров.
12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдын кесепетинен Жолборсту сайында сел жүрүп, 7 адамды агызып кеткен (бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир бала). Мындан сырткары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында көчөдө ойноп жүргөн 2016-жылы туулган баланы агызып кеткен.
кошулду





1 |