Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатва чыгарды
Кыргыз мусулмандарынын Аалымдар кеңеши коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча фатва чыгарды. Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес.
"Дарыгерлердин айтуусуна таянып, инфекция жугуу коркунучуна кабылгандар үчүн оорунун алдын алуу ыкмаларын колдонуу кажет. Ал эми медициналык эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналат.
Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан Саламаттыкты сактоо министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан COVID-19га каршы эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, эмдөөгө исламда каршылык жок", - деп айтылат билдирүүдө.






1 |