super.kg logo

"Ысык-Көл" аэропорту Москвадан алгачкы каттамды тосуп алды

 

"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту бүгүн, 15-июлда "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва-Ысык-Көл-Москва жаңы каттамын салтанаттуу түрдө тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Москвадан Д.Лихачев атындагы Airbus A320 учагы менен 79 жүргүнчү учуп келишти. Адаттагыдай учакты "триумф аркасы" – суу аркасы менен тосуп алышты. "Аэрофлот – орусиялык аба жолдору" ААКнын өкүлү Валерий Серых: "Биз бул Москва-Тамчы-Москва маршруттук каттамын 3 жыл мурда ачууну пландаганбыз. Бүгүн ал ишке ашканына кубанычтабыз. Каттам жумасына 3 ирет - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы", - деди.

"Ысык-Көл" аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов бул каттамдын компания жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундары менен коноктору үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. "Бул каттамдын ачылуусу тууралуу көптөн бери сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Эки тараптын бирдиктүү аракети жана макулдашуусу менен ушул жылдын июль айына белгиленген", – деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: