super.kg logo

Биринчи айым Айгүл Жапарова Баткендеги салынып жаткан үйлөрдү көрүп, эл менен жолугушту (сүрөттөр)

 

Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Баткен облусунда болуп, эл менен жолугушууларды өткөрүп, салынып жаткан турак үйлөрдүн курулушу менен таанышты.

"Үмүт булагы" коомдук фондунун маалыматына караганда, Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында Айгүл Жапарова 28-29-апрелдеги чек ара чыр-чатагында каза тапкандардын үй-бүлөлөрү үчүн курулуп жаткан турак жай объектилерин кыдырып чыкты. Социалдык шаарчанын курулушу Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары 7-8–июлда "Үмүт булагы" коомдук фондунун өкүлдөрүнүн жана биринчи айымдын Баткен облусунун Максат жана Ак-Татыр айылдарында убактылуу чатырларда жана тез курула турган үйлөрдө жашап жаткан үй-бүлөлөр менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү.
Бул жолугушуу учурунда аялдар жана балдар менен аңгемелешүүлөр өткөрүлүп, аларга психологиялык жана гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Андан тышкары ушул жылы алгачкы ирет мектепке бара турган балдарга белек баштыктар тапшырылды.
Фонддун директору Айгүл Жапарова калкка ыраазычылык айтып, жер-жерлердеги аялдарды жана балдарды ар тараптан колдоого даяр экенин билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(10)
15.07.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахка чексиз шугурлор болсун ушундай жылдыздуу ыймандуу сонун адамгерчиликтуу ажону жана биринчи айымды бизге берип койгонуна шугулор болсун
15.07.2021. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экинчи Майрам акаева
15.07.2021. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nina.alex, Майрам Акаева мунун чаңында калат го
15.07.2021. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунусу бийлике аралашпайле койбоду!
15.07.2021. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Коруп, жолуккудай ким бул?
15.07.2021. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жапаров аялымы аралаштырбайм деген эле, быягы не болуп кетти эми. Же чындап эле Майрам Акаева болобу, күйөөсүн укпай жатабы же жеңебиз.
15.07.2021. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazira..., Кумурскадан пил жасабай эле коёлу, бул жеңебиз кабар алып барды бул ойлойм жакшы эле иш, себеби жарым көңүл болуп жакындарын жоготкон инсандардын көңүлү бир аз болсо да көтөрүлөт
15.07.2021. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aslonur,конулун которуп эмне концерт коюп бардыбы?
15.07.2021. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,рухун духун көтөргөнү барыптыр
16.07.2021. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aslonur, женешан жоон сандарын корсотуп элдин конулун которгону барган го... Акии губернатор бекерчилер хан тоскондой тосуп узатышса керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: