Баткенде 22 жаштагы Айжан Нишанбай кызы дайынсыз болуп изделүүдө

Маалыматка ылайык, 13-июль күнү саат 15:30 чамаларында Баткен районунун Ак-Татыр айылынын 1999-жылы туулган тургуну Айжан Нишанбай кызы Баткен шаарынын Ходжаев көчөсүндө убактылуу жашап жүргөн үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон азыркы күнгө чейин белгисиз.
Бул факты Баткен ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүп жатат.
Кийген кийимдери: Башында кызыл түстөгү жоолук, кызгылт түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү юбка, бутунда кызгылт түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, ак жумал, кашы, көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай.
Эгерде кимдир-бирөө сүрөттөгү кызды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш үчүн номерлер: 03622 102, (5 00 68) 0776 70 15 70, 0507 70 15 70.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.