Бишкек-Ош унаа жолунда Mercedes-Benz Sprinter оодарылып кетип бир жаран жаракат алды
Бишкек-Ош унаа жолунун 250-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter оодарылып кетти. Жол кырсыгы бүгүн, 15-июль күнү саат 08:43тө катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган жаран жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Учурда абалы жакшы. Жерине Токтогул райондук куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.