super.kg logo

Бишкектеги №1141 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды

 

Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алкагында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына "Жалпы иш" фондунан төрт арыз түшкөн. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, "Жалпы иш" коомдук фонду №1035, 1061, 1139, 1309 шайлоо тилкелериндеги добуш берүү процедурасынын бузулгандыгын айтып, бузууларды шайлоо мыйзамдарына ылайык карап чыгууну суранган.

"Арыздар каралып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы айрым шайлоо тилкелериндеги комиссиянын мүчөлөрү менен процедуралык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле жазуу жүзүндө эскертүү берүүнү чечти", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми №1141 шайлоо тилкесинде добуштарды саноо так болбогонунан улам ал участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлда болуп өттү. Жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан 6 партия 7 пайыздык чектен өткөн. Алар:

  • "Эмгек" - 18,19 пайыз;
  • "Ата-Журт-Кыргызстан" - 14.33 пайыз;
  • "Ишеним" - 12,46 пайыз;
  • "Ынтымак" - 10,77 пайыз;
  • "Социал-демократтар" - 8,08 пайыз;
  • "Өнүгүү-Прогресс" - 8,11 пайыз.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: