super.kg logo

Ысык-Көлдө машыгуу учурунда сабалган баланын окуясы боюнча Муфтият билдирүү жасады

 

Ысык-Көлдө машыгуу учурунда 9 жашар баланын теңтуштары тарабынан сабалышы боюнча Муфтият билдирүү жасады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Муфтият башка диндин өкүлдөрүн лагерде болгон окуяга айыптабоого, каралабоого чакырат. Ислам дини бардык элдин укугун коргоп, ынтымак-ырашкерликте, достук-боордоштукта жашоого үгүттөйт. Ислам дини эл ортосундагы ынтымакка чакырат. Ошондой эле динибиз ар кандай зордук-зомбулуктарды четке кагат", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда теңтуштары тарабынан сабалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, жабырлануучунун ден соолугуна жеңил түрдөгү залал келтирилип, натыйжада ден соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон. Бул окуя министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун өзгөчө көзөмөлүнө алынган.

Ал эми Бишкектеги Орус үйү бул окуяга байкоо жүргүзүп жатканы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: