Түрк компаниясы борбор калаага монорельс курууну пландоодо





Бишкек шаарына монорельс транспорттук тутумун куруу долбоорун талкуулоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9-11-июлдагы президенттин Түркиядагы иш сапарынын алкагында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлиги менен "Sky Ray Ve Oto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş" компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлган. Анда кызматташуунун негизи болуп Кыргыз өлкөсүнүн борборуна монорельстүү транспорттук тутумду киргизүү саналган.
"12-14-июлда мамлекеттик органдарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын "Sky Ray Ve Оto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş" түрк компаниясынын төрагасы Нежметтин Генчйылмаз инженер-технологу Йылгай Йылмаз калаага курула турган монорельс транспортун куруу боюнча талкуу жүргүзүп, жерлерди кыдырып чыкты.
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз өлкөсү түрк инвесторлору үчүн ар дайым ачык экендигин белгилеп, министрлик Кыргыз өлкөсүнүн компетенттүү мамлекеттик органдары менен биргеликте долбоорду тез арада ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтөрүн баса белгиледи.
Аталган долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик кызматтар үзгүлтүксүз иштерди улантат", - деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн:
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын мурунку мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбор калаага монорельсти куруу боюнча пикирин айтып келген. Ал эми 2020-жылы 21-декабрда Бишкек шаарынын мэрясында вице-мэр Азиз Алымкулов "Бишкек монорельстүү транспорттук тутум" долбоорун сунуштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.