super.kg logo

Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси: "Орхан Инанды уурдалган эмес, жоопко тартылуу үчүн кармалган"

 

Орхан Инандынын уурдалышы жана кош жарандуулугу тууралуу Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ахмет Доган жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине пикирин билдирди.

Анын айтымында, Инанды уурдалган эмес, жоопко тартылуу үчүн кармалган.

"Орхан Инандыны үч жыл мурун Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылганбыз. Ал куралдуу террордук уюмду түзгөн жана жетектеген деп айыпталган. Анын Түрк жараны экендигин биз ошол кездеги кыргыз бийлигине кабарлаганбыз. Азыр эмне болуп жатканына таң калам.

Орхан Инанды ФЕТО уюмунун Борбор Азиядагы башчысы. Ал Түркия Республикасынын улуттук чалгындоо кызматы тарабынан чет өлкөдө жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында кармалып, Түркиянын укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Менин оюмча, "уурдалган" деген туура эмес сөз. Туура сөз - кармоо жана жоопко тартуу. Ошол эле учурда Кыргыз өлкөсүнүн суверендүүлүгү бузулган жок.

Түркиянын жарандыгы жөнүндө мыйзамга ылайык, бир нече жарандыкты алууга болот. Башка өлкөнүн жарандыгын алганда декларациянын кереги жок. Орхан Инанды Түркияга Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын алгандыгын жана Кыргыз өлкөсүнө Түркиянын жарандыгын сактап калгандыгы жөнүндө билдирген эмес", - деп билдирген элчи.

Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
15.07.2021. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аиий куралдуу террордук уюмду түзгөнбү ай ай тан каламында. Аллах ушунча элди каратып туруп калп айтканыңардын жазасын берсе экен, ким билет эртең эмне болушуңарды.
16.07.2021. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эң туура кылыптыр. Камап салгыла өмүр бою түрмөдө калсын террорист феточу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: