super.kg logo

"Уйдун эти бир жылда 108 сомго кымбаттаган". Улуттук статистикалык комитет аймактардагы эң жогорку жана эң төмөнкү бааларды айтты

 

Улуттук статистикалык комитет республиканын 18 калктуу конушунда азык-түлүккө мониторинг жүргүздү. Анын жыйынтыгына ылайык, эттин чекене баасы бир жылдын ичинде орточо 36 пайызга жогорулады.

Комитеттин 14-июлга карата берген маалыматы боюнча, республикада 1 килограмм уй этинин орточо баасы 464 сом 76 тыйынды түздү. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 108 сомго же дээрлик 30,3 пайызга өскөнүнөн кабар берет. Ал эми койдун 1 килограмм эти 488 сом 47 тыйынды түзүп, былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 41,1 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Уйдун этине болгон эң жогорку баа Жалал-Абад (бир килограммы үчүн 496 сом 23 тыйын), Нарын (бир килограммы үчүн 484 сом 64 тыйын), Ош (бир килограммы үчүн 482 сом 3 тыйын) шаарларында катталды. Ал эми минималдуу баалар Покровка айылында (бир килограммы үчүн 425 сом 93 тыйын), Баткен (бир килограммы үчүн 433 сом 27 тыйын) жана Исфана (бир килограммы үчүн 434 сом 97 тыйын) шаарларында катталды.

Кой этинин чекене баалары Кара-Суу (бир килограммы үчүн 527 сом 98 тыйын), Жалал-Абад (бир килограммы үчүн 525 сом 98 тыйын) жана Ош (бир килограммы үчүн 509 сом 44 тыйын) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми төмөнкү баалар Покровка айылында (бир килограммы үчүн 422 сом 98 тыйын), ошондой эле Кара-Балта (бир килограммы үчүн 447 сом 65 тыйын) жана Каракол (бир килограммы үчүн 448 сом 49 тыйын) шаарларында байкалды.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу уйдун этине болгон баалардын олуттуу өсүшү Жалал-Абад, Ноокат жана Өзгөн шаарларында катталды. Койдун этине баалардын олуттуу өсүшү Кара-Суу, Жалал-Абад жана Токмок шаарларында катталды.

14-июлга карата республиканын аймактарындагы этке карата орточо керектөө баалары:






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.07.2021. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ош жалал абадта эле кымбат экен кичине элди ойлоп тушуруп койушса болотко
16.07.2021. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар экономикасы. Бааны базар гана чечет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: