Эне тилге эки мүнөт: "Ак чөп башта", "бөрү этектен, жоо жакадан алганда" фразеологизмдеринин мааниси
"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында "ак чөп башта", "бөрү этектен, жоо жакадан алганда", "колтугуна суу бүркүү" фразеологизмдеринин маанисине карап көрдүк. Жогорудагы фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп берди.
Ак чөп башта - оюндун эрежесинен же сүйлөп жаткан сөзүнөн жаңылып кеткен учурда өзүнүн жаңылганын сезе коюп, "жаңылыштык кечиримдүү болсун" деп өтүнүү маанисинде колдонулат. Мисалы, Байке, ак чөп башымда, мен сырды сактай албай айтып коюптурмун.
Бөрү этектен, жоо жакадан алганда - бардык жагынан кысталыш болуп, айла кетип, арга түгөнүп турган учурда, кыйын-кыстоо мезгилде. Мисалы, Бөрү этектен, жоо жакадан алып турган учурда, сен да бир жагынан кычап калдың го?
Жети өмүрү жерге кирүү - абдан катуу уят болуу, аябай уялуу, сынып калуу. Мисалы, Төлөмүштүн жан тери келип, жети өмүрү жерге кирип, телмирип көпкө турду.
кошулду

