Ооганстандан Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздарды өлкөгө алып келүү пландалууда
"Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Ооганстандан Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздарды өлкөгө алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, министрлик БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын кеңсесине этникалык кыргыздарды эвакуациялоону уюштурууга колдоо сурашкан. Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине этникалык кыргыздардын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынан үзгүлтүксүз өтүүсүнө көмөктөшүү өтүнүчү менен нота жөнөткөн.
Учурда бул маселе президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын көзөмөлүндө. Тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилген.
Ооганстандан Тажикстанга качып өткөн этникалык кыргыздардын саны 300дөн ашык.


Кыргыз бөтөн жерде кор болбошу керек.