Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыкты
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.
"Тергөөдөгү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Суракматов тергөө менен кызматташып, Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берген, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун кайтарып берген. Калган чыгымдарды төлөө график боюнча Суракматов тарабынан төлөнүп берилет. Кылмыш иши боюнча, бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн:
Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Суракматовду УКМКнын СИЗОсунда 28-июлга чейин камакта калтырган.
26-майда Азиз Суракматов УКМКга "мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча күбө катары чакырылып, кийин кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.



1 |