Өлкөдө коронавирусту дарылоо үчүн дары-дармектин запасы жетиштүүбү? Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун жообу
Өлкөнүн саламаттыкты сактоо мекемелеринде коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн дары-дармектин үч айга чейин жетиштүү запасы бар. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, дары-дармек каражаттарынын запасы июнь айынын аягына карата 317 миллион 7 миң сомду түздү. Анын ичинде антиакоагулянттар, антиагреганттар, дене табын түшүрүүчү каражаттар, антибактериалдык препараттар, жөтөлгө каршы дарылар жана муколитикалык препараттар, дары-дармектер, тромболитиктер/фибринолитиктер, гормоналдык жана иммунологиялык препараттар, эритмелер жана башкалар бар.
"Азыркы тапта COVID-19ду дарылоо "Коронавирус инфекциясын диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмонун" бешинчи версиясы менен жүргүзүлүп жатат. Анын негизинде саламаттыкты сактоо мекемелеринде дары-дармек каражаттарынын 52 аталышы катталган. Ошол эле убакта улуу муундагы адамдардын вируска көп кабылып жаткандыгына жана өнөкөт оорулардын болушу оорунун жүрүшүн күчөтүп жаткандыгына байланыштуу мекемелерде дары-дармектердин тизмеси 95 аталышка чейин толукталган", - деп билдирди Өскөмбаева.

