"Достор, мени жоготпогула, мен "даканса" туруп бергем". Жапыкеев оорусу күчөп жатканын жазды
Мурдагы Финполдун төрагасы, Ысык-Көл облусунун мурдагы прокурору Сыймык Жапыкеев кант диабети менен жабыркап жатканын байланышканыбызда SUPER.KG порталына билдирди.
Анда ал акыркы 10 жылдан бери бул илдет менен алышып келе жатканын айтты.
"Достор, мени жоготпогула, мен элим үчүн "даканса" туруп бергем. "Чоң Казат" өз милдетин аткарды. Менин кант диабетим күчөп, буттарым ооруп, кээде кыймылга келбей жатат. Мен саясатка көңүл бурууга акыбалым келбей жүрөт. Элимдин алдында жүзүм жарык, элиме чоң ыраазычылык билдирем.
30 жыл Кыргыз өлкөсүн мен чөгөлөткөнсүп, талкалагансып, азык-түлүктүн баасын мен көтөргөнсүп мени жемелешкендер аман болсун. Кудай буюрса, ден соолукту чыңдап анан мамлекетке, элге кызмат кылганга даярмын", - деп жазат Жапыкеев.







1 |