Улукбек Марипов жылытуу мезгилине карата энергетиктерге тапшырмаларды берди
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси боюнча республикалык штабдын кеңешмесин видеоконференция режиминде өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө алдыда турган күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык, социалдык объектилердин жана жалпы эле энергетика тармагынын даярдыгы талкууланды. Ошол эле учурда калкты көмүр менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулганын министрлер кабинетинен кабарлашты.
Тиешелүү мамлекеттик органдар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана энергетика тармагынын башчылары жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
"Алдын ала керектүү иштерди жүргүзүү менен социалдык объектилерге, анын ичинде мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга өзгөчө көңүл буруу керек. Бардык жумуштар өз убагында бүткөрүлүп, мүмкүн болгон кемчиликтер тез арада четтетилиши тийиш", – деди Улукбек Марипов.
Энергетика жана өнөр жай министрлигине жана "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына" Токтогул суу сактагычын реабилитациялоо долбоорунун ишке ашырылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана аталган объектте суунун көлөмүн тийиштүү деңгээлде кармоо чараларын көрүү тапшырылды.
Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, президент тарабынан жарандардын пикирин эске алуу менен калкка электр энергиясынын тарифтерин мурдагы деңгээлде калтыруу чечими кабыл алынган.
Жыйынтыгында Улукбек Марипов штабдын мүчөлөрүнөн алдыда турган күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө байланыштуу бардык маселелерди ыкчам тартипте чечүүнү талап кылды.

