Өлкөдө коронавируска каршы вакцина өндүрүү заводу курулушу мүмкүн
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова "Тынчтык үчүн саякат" Пекин маданий алмашуу борборунун төрагасы Шао Чаньчунь менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус инфекциясына каршы вакцина өндүрүү боюнча заводду куруу жана чөп-чардын негизиндеги кытай өндүрүшүндөгү дары-дармектерди колдонуу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды.
Жылдыз Бакашова Кытай Эл Республикасына коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда өлкөгө үзгүлтүксүз көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин белгиледи.
"Мамлекеттин саясаты ишкердүүлүктүн эркиндигин, ишкердик жүргүзүү үчүн туруктуу жана кепилденген шарттарды, ошондой эле менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу принциптерине негизделген", - деди Жылдыз Бакашова.

