Баткенде чек арачылар тарабынан мыйзамсыз жүктөрдү алып өтүүгө бөгөт коюлду




Баткендеги чек арада контрабандалык жүктөрдү алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган товардын жалпы баасы 670 миң сомду түздү.
"Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айылындагы чек ара тозотунан жаңы 2 даана резина (жүк ташуучу унаа үчүн) табылган.
Ошол эле күнү Баткен облусунун Баткен районунун Кожом-Булак аймагында чек арачы тарабынан Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө 18 коробка тамекини мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Asmat84

16.07.2021. 16:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өзү баарынан акчаны бийик койгон акча десе жанын бере турган намыс ариети жок эл экенбиз да. Канча какшап айтып атабыз тажиктерден албагыла бербегиле мамиле кылбагыла деген сайын эле тажиктер менен мамиле кыласыңар сөз жок силерге алып сатарлар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.