super.kg logo

Сентябрда көрсөтүлөт. "Орёл и решка" кайрадан Кыргыз өлкөсүндө

 

"Орёл и Решка" популярдуу саякат телекөрсөтүүсүнүн алып баруучулары Кыргыз өлкөсүнө келип кетишти. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Орёл и Решка" программасынын командасы өлкөбүздүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарында болушту. Кыргыз өлкөсү боюнча "Орёл и Решка" программасынын эфири, графикке ылайык ушул жылдын сентябрь айында чыгуусу кутүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон саякат тууралуу "Орёл и Решка" шоу-программасы Кыргыз өлкөсүнө келе турганы буга чейин жазылган.

"Орёл и Решка" программасынын эки алып баруучусу (бир бала жана бир кыз) жаңы өлкөгө саякатка жөнөп, аны башкача көз караштар менен изилдешет. Ар бир сапардын алдында алып баруучулар тыйын ыргытып бактысын сынап, утулган алып баруучу 100 доллар же 70 евро менен эки күн жашашы керек, жеңүүчү алтын картадан чексиз каражаттарды сарптай алат.

Буга чейин аталган программа 2013-жылы Бишкек шаарына келген. Телеберүүдө Кыргыз өлкөсүнүн тоолорунун кооздугу, салты, маданияты жана меймандостугу көрсөтүлгөн. Бирок катышуучуга койдун союлушу, баштын этин жедиргени, бүркүттүн түлкүнүн көзүн чукуганы алгач жакшы таасир калтырган эмес. Ал эми экинчи катышуучу Бишкекте 100 доллар менен бардар адамдай жашаганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.07.2021. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бөтөлкөсүн каерге бекитиптир. Мурунку келгенде Ботаникалык бакты тытып жиберишти эле
16.07.2021. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул биздикилер Тоо ташын эле мактанып оздору бокту да кылбайт экен да .Клиби деле тоо таш : Гимни деле тоо таш : бут баары тоо таш .Аларды го Аллах жаратыптыр : бизчи ? Это бесит мне
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: